Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келгенде кармалышы мүмкүн экенин айтты

19.05.2022 08:10
1647
Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга кайтып келгенде кармалышы мүмкүн экенин айтты

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германиядагы иш сапары аяктагандан кийин Кыргызстанга кайтып келгенде кармалышы мүмкүн экенин айтып берди. Бул тууралуу министр АКИпресс агенттигине билдирди.


Анын айтымында, аны каматкысы келип жаткан адамдар бар.


"Мен Германиядан кайтып келем. Мени кармашы мүмкүн. Кармаса кармай берсин мен көрсөтмө берем. Мен эч кимден пара алган эмесмин, киши өлтүргөн жокмун.

Президент, Министрлер кабинетинин төрагасы, министрлер жана эл менин кандай иштеп жатканымды билет. 

Лицензиясы жок иштеген канчалаган клиникалар жаап жатабыз. Биз реформаларды аягына чейин чыгарышыбыз керек",- деди министр.


Мындан сырткары, Алымкадыр Бейшеналиев кеңешчиси Мээрим Тилекованын кармалышы тууралуу пикирин билдирди.

"Мени камайлы деген бирок эч нерсе тапкан жок. Ал дагы күнөөсүз. Аны "подстава" кылды",- деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ырыс
Ак ийлилет сынбайт, министр Эл менен