Бугу 02, 2025
Убакыт: 06:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Алымкадыр Бейшеналиев: Медиктердин айлыгын 200 пайызга көтөргөндө кызматтан кетем

19.04.2021 11:03
1444
Алымкадыр Бейшеналиев: Медиктердин айлыгын 200 пайызга көтөргөндө кызматтан кетем

Медиктердин айлыгын 200 пайызга көтөргөндө кызматтан кетем. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.кг агенттигине билдирген. 


Анын айтымында, ал кыска убакта медицина тармагында реформа жасоого үлгүргөн.


"Мен кыска убакта реформа жасадым. Дарыгерлердин айлыгын 100 пайызга көтөрдүк. 1-июлдан тарта дагы 50 пайызга көтөрөбүз. Бюджетте каражат жок болсо акчаны кайдан таптыңыз деп жатасыңарыбы? Мен солго кеткен каражаттарды таптым. Эми ар бир оорукананы текшерип керексиз чыгымдарды жана солго кеткен каражаттар аркылуу медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрөбүз. Мен медиктердин айлыгын 200 пайызга көтөргөндө кызматтан кетем",- деди министр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн