Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев: Мен кызматтан кетпейм

29.04.2021 10:20
1277
Алымкадыр Бейшеналиев: Мен кызматтан кетпейм

Президенттин тапшырмасы менен иш сапарга кеткеним үчүн мени кызматтан ала алышпайт. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри 24.кг агенттигине билдирген. 


Анын айтымында, депутаттар андан өч алуу үчүн аны кызматтан кетирүү сунушун колдогон. 

"Депутаттар менден өч алуу максатында кызматтан кетирүү сунушун колдоду. Депутаттар чакырганда мен эки жолу чукул иш сапар менен аймактарга бардым. Мен бере турган маалыматты тиешелүү кызматкерлер деле бермек. Бирок алар министр келсин деп отуруп алышты. 

Мисалы, Жанар Акаев жана Бактыбек Райымкулов өздөрүнүн тааныштарын кызматка коюшумду талап кылган. Бирок алар эч нерсе билбеген адистерди мага сунуштагандыктан макул болгон эмесмин. 

Мен кызматтан кетейин деген оюм жок. Президент же премьер-министр кол койсо кетем",- деди министр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн