Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 17:47
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Алымкадыр Бейшеналиев Нью-Йоркто өткөн ВИЧ/СПИД боюнча жолугушууга катышты

11.06.2021 15:21
1304
Алымкадыр Бейшеналиев Нью-Йоркто өткөн ВИЧ/СПИД боюнча жолугушууга катышты


Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев виртуалдык режимде 2021-жылдын 8-10-июнунда Нью-Йоркто өткөн ВИЧ/СПИД боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Бейшеналиев өз сөзүндө Кыргызстан ВИЧ-инфекциясынын дүйнөдө жайылышынын алдын алуу боюнча глобалдык максаттарды жана туруктуу өнүгүү максаттарын колдой тургандыгын белгиледи.

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы көйгөйүн чечүү боюнча күчтүү саясий милдеттенме бар, ал ВИЧ-инфекция чөйрөсүндө беш Улуттук беш жылдык программаны кабыл алууда (1997-жылдан бери) жана акыркы Мамлекеттик программа ВИЧ/СПИД боюнча 2016-жылдагы Саясий Декларациянын максаттарын жана сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри белгилегендей, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча улуттук иш-чара биринчи кезекте профилактикалык жана диагностикалык программаларды кеңейтүүгө, анын ичинде тез тестирлөөнү жана негизги топтордун жана калктын арасында ВИЧти жалпы дарылоону камтыйт. Буга байланыштуу, Кыргызстан өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен, жаңы Саясий декларациянын кабыл алынышын колдоду.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алкагында панелдик талкуулар жана презентациялар да өткөрүлдү.

Иш-чарага мүчө-мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун 140ка жакын өкүлдөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн