Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Алымкадыр Бейшеналиев Онкология жана гематология борборуна барды

10.02.2022 18:11
570
Алымкадыр Бейшеналиев Онкология жана гематология борборуна барды



2022-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук онкология жана гематология борборундагы онкологиялык оорулууларга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Министр маммология бөлүмүндө да болуп, стационардык дарыланып жаткан бейтаптар менен баарлашты. Жардам көрсөтүү бейтапка керектүү жардамды мүмкүн болушунча тез ала тургандай кылып куруу керектигин баса белгиледи. Онкологиялык оорулууларга адистештирилген медициналык жардам жеткиликтүү жана бейтапка мүмкүн болушунча жакын болушу керек.


Отурумдун жыйынтыгы боюнча жана бейтаптардын жардам алууга байланыштуу каалоо-тилектерин эске алуу менен министр онкология борборунун жетекчилигине Онкология борборунун маммологиялык бөлүмүндө бейтаптарды кабыл алуу жана дарылоо үчүн бардык шарттарды уюштурууну тапшырды. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн