Саламаттыкты сактоо министрлиги толук иштеп жатат. Бирок эл санитардык шарттарды аткарбай жатат. Мындай пикирин министр Алымкадыр Бейшеналиев АКИпресс агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, оорунун күчөшүнө эл күнөөлүү.
"Бүгүнкү күндө оорунун күчөшүнө элдин санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбай жатканында. Министрлик, дарыгерлер элге тойлорго, адамдар көп чогулган жерлерге, кафе-ресторандарга барбагыла деп эскертип эле жатат. Социалдык аралыкты сактоо, маска тагынып жүрүү боюнча талаптарды эч ким аткарбай жатат",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн