Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:59
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Алымкадыр Бейшеналиев: Петр биринчини убагында сындаган сыяктуу мени да сындап жатышат, мен кызматтан кетпейм

21.12.2021 13:56
544
Алымкадыр Бейшеналиев: Петр биринчини убагында сындаган сыяктуу мени да сындап жатышат, мен кызматтан кетпейм

 Петр биринчини убагында сындаган сыяктуу мени да сындап жатышат. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.кг агенттигине билдирди.


"Петр I да Россияда реформа жасаганда баары жек көргөн. Пнын баарын туура кылганын кийин тарых көрсөткөн. Жыл бою жасаган иштеримдин баары эл үчүн. Ушундай репутациядан коркпогон, реформа жасаган министр келгенине президент, эл, бардык дарыгерлер абдан кубанып жатышат", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.


"Мен башка министрлер сыяктуу отуруп алып, 30 жылдан бери иштеген башкы врачтардан, директорлордон алкыш алсам болмок. Мен кызматтан кетпейм, эл үчүн жасай турган иштерим дагы көп. Президент менин реформаларымды колдойт",- деп кошумчалады министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн