Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 00:33
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Алымкадыр Бейшеналиев Санкт-Петербургдагы дары өндүргөн "Герофарм" заводуна барды

09.12.2024 10:00
131
Алымкадыр Бейшеналиев Санкт-Петербургдагы дары өндүргөн "Герофарм" заводуна барды


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Санкт-Петербург шаарындагы неврологиялык дарыларды өндүргөн "Герофарм" заводуна барды.

Ведомстводон билдиришкендей, КМШга мүчө-мамлекеттердин саламаттыкты сактоо боюнча кызматташуу кеңешинин 37-жыйынына катышкан КР делегациясынын иш сапарынын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана аны коштоп жүргөн адистер неврологиялык, эндокринологиялык жана офтальмологиялык ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектерди чыгарган Россиянын алдыңкы фармацевтикалык заводдорунун бири «Герофарм» заводуна барышты.

Делегациянын өкүлдөрү заводду кыдыруу менен заманбап өндүрүш жайларды, жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүш процессинде ишке ашырылган инновациялык чечимдер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө заводдун өкүлдөрү бардык этаптарда — дары-дармектерди иштеп чыгуудан баштап, аларды массалык түрдө чыгарууга чейин колдонулуп жаткан технологиялар жөнүндө кеңири айтып беришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн