Бүгүн, 4-январда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкө калкын коронавируска каршы эмдөө иштери жөнүндө айтып берди. Бул тууралуу "Кактус.медиа" сайтына берген.
Анын айтымында, Россияда вакцина боюнча чечимди президент кабыл алат.
"Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун тапшырмасы менен Владимир Путинге кат жаздык. Жоопту күтүп жатабыз. Вакцинанын 500 миң дозасын сурадык. Менин оюмча, ал жерде ушул убакыттын ичинде вакцинанын клиникалык сыноолорунун төртүнчү фазасы өтөт. Новосибирск шаарында "Sputnik V" вакцинасын сыноо үчүн температурасы алгылыктуу аймак. Ал жерде минус 20 градус", - деди министр.
Ошол эле учурда, Бейшеналиев айткандай, Кыргызстан COVAX Альянсынын мүчөсү. " Калктын 3% эмдөө үчүн 200 миң дозада вакцина буйрутма бергенбиз. Биз дагы күтүп жатабыз", - деди министр. Pfizer вакцинасын сактоочу муздаткычтар жок экендигин кошумчалады.
"Россиянын вакцинасын алуу бизге пайдалуу. Вакцина келсе, эң биринчи өзүмө сайдырам. Андан кийин медкызматкерлерге, мугалимдер, ИИМдин кызматкерлерине ж.б.",- деди Бейшеналиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн