Бугу 18, 2024
Убакыт: 11:21
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлык маянасы качан көтөрүлөрүн айтты

10.02.2021 11:34
812
Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин айлык маянасы качан көтөрүлөрүн айтты

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев медиктердин айлык акысы качан көтөрүлөрүн айтты. Бул тууралуу ал "Биринчи" радиого берген маегинде билдирди.


Ал кечээ Президент саламаттыкты сактоо тутумун өзгөртүүнү караган жарлыкка кол койгонун эске салды.


«Эң негизгиси, дарыгерлердин маянасын көтөрүү. Биз эмгек акыны көтөрүүнүн үч жолун өкмөткө сунуштадык. Жүргүзүлүп жаткан оптимизация боюнча биз дарыгерлердин эмгек акысын көтөрүүгө сарпталуучу N-сумманы үнөмдөйбүз деп ойлойм », - деди министр.


Ошондой эле, Бейшеналиевдин айтымында, жарлыкта дарыгерлерге турак жай сатып алуу үчүн ипотека насыясын берүү жөнүндө сөз болгон. Аймактарда иштей турган жаш адистерге "Дарыгердин депозити" берилет, ошондой эле акысыз турак жай берилет.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Нурип Жаманкулова
Менин медицина тармагында иштегениме 35 жыл болду.Ар кандай оор кундорду тундорду откоруп келебиз .Бирок окмот мээрмандардын эмгегин ушул убака чейин баалабайт. Баардык эле мээрмандар менин оюма кошулат болуш керек себеби эн коп оор жумушту мына ушул мээрмандар аткарышат кундузгуну тунку кузоттогу жумушту да Бирок биздин алган маянабыз 5-6минден ашпайт. Менин суранычым эмгенин баалап эмгек акыларыбызды которуп берсе деп министерсвого кайрылат элем