Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 06:17
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Алымкадыр Бейшеналиев күзүндө эмдөөнүн үчүнчү дозасын алышы мүмкүн

16.08.2021 12:25
700
Алымкадыр Бейшеналиев күзүндө эмдөөнүн үчүнчү дозасын алышы мүмкүн

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев күзүндө коронавируска каршы эмдөөнүн үчүнчү дозасын алышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал АКИпресс агенттигине билдирди.


Анын айтымында, дагы вакцина сатылып алынат.

"Биз эмки жыл ревакцинацияны карап баштайбыз, биз дагы коронавируска каршы вакциналарды сатып алабыз. Бул жерде биз бардыгын жекече карашыбыз керек, башкача айтканда, коронавируска каршы антителолорду эске алуу керек. Эгерде адамдын иммунизациялоо үчүн антителосу жок болсо, анда ревакцинацияны караш керек. Мен да эмдөөдөн кийин антителолорду иштеп чыккан жокмун, балким күзүндө ревакцинациядан өтөм. Бирок бул маселе азырынча чечиле элек жана бир нерсе деп айтууга эрте",- деп билдирген министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн