Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Бейшеналиев Алымкадыр Савирдиновичтин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн