Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 09:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Алымкадыр Бейшеналиев стоматология бөлүмүндө чарчап калган кыздын жакындары менен жолукту

19.01.2024 09:42
410
Алымкадыр Бейшеналиев стоматология бөлүмүндө чарчап калган кыздын жакындары менен жолукту


Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмүндө операция учурунда каза болгон үч жашар кыздын жакындары менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз борбору билдирди.


Министр кыздын үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жакындарынын өтүнүчтөрүн жана жүйөлөрүн укту. Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, медициналык жардам көрсөткөн борбордун директору, жетекчиси, анестезиологу, стоматологу жумуштан бошотулган. Ал күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын аларын билдирди


«Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзүп, андан аркы чечимдерди кабыл алуу үчүн укук коргоо органдарына сунуштарды берди. КММАнын медициналык борборунун стоматологиялык бөлүмү жабылып, адегенде алар жардам сурап кайрылган жеке стоматологиялык клиника иштебей турат», - деди министр.


Эске сала кетсек, кызга жалпы наркоз берилип, андан соң каза болгон. Милиция кылмыш ишин козгоп, Саламаттыкты сактоо министрлиги комиссия түзгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн