Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алымкадыр Бейшеналиев жана орун басарларынын күрөшү уланууда. "Алар менден коркот", "Биз андан коркпойбуз"

16.05.2022 20:09
1088
Алымкадыр Бейшеналиев жана орун басарларынын күрөшү уланууда. "Алар менден коркот", "Биз андан коркпойбуз"

Бүгүн, 16-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Германияга иш сапары менен кеткени белгилүү болгондон кийин Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары жана ведомство башчылары анын кызматтан кетишин талап кылып, Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Курманкул Зулушевге кайрылуу жасады.


Кайрылуудан көп өтпөй Алымкадыр Бейшеналиев орун басарларынын аракети боюнча жооп берди.


"Алар өздөрүнүн тармагы боюнча эч нерсе билбейт. Ошондуктан мен иш сапарга кеткен учурда баш көтөрүп жатат. Алар менден коркот. Мисалы Жапаркул Ташиев кесиби боюнча журналист ал медицинадан эч нерсе түшүнбөйт. Рахматуллаев болсо санитардык дарыгер, ал дарылоо боюнча эч нерсе билбейт. Бектурганов болсо өзүнүн тармагы боюнча такыр эч нерсе билбейт. Ал компонентсиз.

Мен эч кимди коркуткан эмесмин. Коркутту дегендер оюнан чыгарып жатат",- деди министр.


Ал эми министрдин сөзүнө жооп көпкө күттүргөн жок.


"Ар ким өзүнүн ишин билет. Министрге дээрлик бардык дарыгерлер каршы. Ал бизди коркута албайт",- деди министрдин орун басары.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн