Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Алымкадыр Бейшеналиевдин кылмыш иштери ИИМге өткөрүлдү

23.06.2022 11:56
477
Алымкадыр Бейшеналиевдин кылмыш иштери ИИМге өткөрүлдү


Убактылуу кызматтан алынган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кылмыш иштери Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.


Эске салсак, Бейшеналиев COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуудагы коррупцияга шектелип, Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ал КР УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган. Анан үй камагына бошотулду.


Бул иш боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин дагы үч кызматкери да кармалган.


Андан соң Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жагдайын иликтөө боюнча комиссия түзгөн.


4-июнда мамлекет башчы Алымкадыр Бейшеналиев менен өлкөнүн башкы прокурору Курманкул Зулушевди тергөө мөөнөтүнө убактылуу ээлеген кызматынан убактылуу четтетти. Көзөмөл органынын жетекчиси кызматтык милдеттерине кайтып келди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн