Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Алымкадыр Бейшеналиевдин кийинки реформасы "Мамакеев" улуттук хирургия борборунда жүргүзүлөбү?

09.02.2022 21:11
1363
Алымкадыр Бейшеналиевдин кийинки реформасы "Мамакеев" улуттук хирургия борборунда жүргүзүлөбү?


2022-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук хирургиялык борборго барып, эртең мененки беш мүнөттүк чогулушка катышып, борбордун кызматкерлери менен баарлашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Министр саламаттыкты сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалар, алардын калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуудагы мааниси тууралуу айтып берди. Ал реформалардын максаты өлкөнүн калкын реалдуу муктаждыктарга ылайык, жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык жардам менен камсыз кылуу экенин баса белгиледи.


“Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы жана жалпы эле республика боюнча үчүнчү деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын ишин талдайт. Медициналык кызматтар бейтаптарга багытталган болушу керек. Квалификациялуу медициналык кадрлар менен толукталган үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекемелерде калктын медициналык жардамга жана дары-дармекке жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу зарыл.


Калктын жеке саламаттык сактоомекемелеринен кызмат алууга мүмкүнчүлүгү жок бөлүгү үчүн медициналык тейлөөгө жетүү чектелгендигинин далилдери бар, ошол эле учурда мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелериндеги расмий акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы алган медицина кызматкерлеринин арасында кеңири жайылган коррупция кырдаалды ого бетер курчутат. Ошондуктан, бул багытта иш алып барабыз", - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн