Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, министрге сөгүш берүүгө Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон. Сөгүш жарыялоо жөнүндө буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эске сала кетсек, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматтык этика боюнча министрлер кабинетине сунуш берилгенин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн