Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алымкадыр Бейшеналиевге канааттандырарлык иштебегени үчүн эскертүү берилди

24.06.2021 20:02
1203
Алымкадыр Бейшеналиевге канааттандырарлык иштебегени үчүн эскертүү берилди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын тартыштыгынан улам Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп сындады. Бул туурасында Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынынын жүрүшүндө белгиледи.


Кезексиз жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышын ооздуктоо жана саламаттыкты сактоо тутумунун инфекцияга каршы күрөшүүгө даярдыгы боюнча маселелер каралды.


"Ооругандардын саны күн санап өсүп, күн сайын адамдар көз жумууда. Көз карандысыз эпидемиолог эксперттер абал өткөн жылга салыштырмалуу начар болот деп божомолдошууда. Саламаттыкты сактоо министрлиги республиканы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча канааттандырарлык эмес иштерди жүргүздү. Бюджеттен вакцина сатып алууга 815 миллион сом бөлүнгөн, бирок келишимдер кечигүү менен түзүлгөн. Ошондой эле вакциналарды жеткирүү маселеси кеч чечилүүдө. Өлкөдө эмдөөдөн өткөндөрдүн пайызы өтө төмөн. 2 миллиондон ашык жаран тобокелдик тобуна кирет, алар эмдөөдөн өтүшү керек. Вакцина маселеси боюнча эч кандай кечиктирүү болбошу шарт, жакын арада сатып алуу жана өлкөгө жеткирүү зарыл. Бул маселеге Тышкы иштер министрлиги көмөктөшөт", - деди Марипов.


Жыйында айтылган кемчиликтерден кийин саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге, анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүү берилгенин кошумчалашты министрлер кабинетинин маалымат кызматынан.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн