Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 7 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир кылмыш иши коррупция беренеси боюнча, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси; төрт кылмыш иши - кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү.
Учурда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жүрүшүндө кошумча маалыматтар берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн