Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:22
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал кызматына кайтышы мүмкүн

16.08.2022 20:13
994
Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Ал кызматына кайтышы мүмкүн

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин вакцина боюнча кылмыш иши токтотулганын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.



Анын айтымында, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарды. Башка иштер боюнча тергөө уланууда. Азырынча ИИМден жана Башкы прокуратурадан бул тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.


Жактоочусу буга чейин кылмыш иште материалдык чыгым жок экенин белгилеп, 2021-жылы алынган “Синофарм” вакцинасынын каржылоосун Дүйнөлүк банк төлөп бергени белгилүү болгонун айткан.


Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголуп, 2-июнда кармалганын маалымдаган. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казакстандан коронавируска каршы вакцина гуманитардык жардам катары акысыз алып келинген.


Башкы прокуратура эл аралык жардамга карабай, Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң сомго вакцина негизсиз сатып алынганын, ага карата жалпы жети кылмыш ишин козголгонун билдирген.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн