Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Жапаркул Ташиев жана Жалалидин Рахматуллаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, аталган кызматкерлер министр Алымкадыр Бейшеналиев Германияга иш сапары кеткен учурда анын отставкасын талап кылышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн