Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 14:05
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Алиясбек АЛЫМКУЛОВ: “Бакыттын өзү – тирүүлүк, тирүүлүктүн өзү – бакыт”

04.04.2020 18:33
3794
Алиясбек АЛЫМКУЛОВ: “Бакыттын өзү – тирүүлүк, тирүүлүктүн өзү – бакыт”


      РЕДАКЦИЯДАН: Алиясбек Алымкулов соңку кыргыз тарыхындагы эң жаш “Кыргыз Республикасынын Баатыры”  наамын алган инсан. Бүгүн биз Алиясбек менен баарлашуубузду саясат, анын тегерегиндеги оош-кыйыш жагдайлар жөнүндө эмес,  тек гана адамдык түбөлүктүү маселелер жөнүндө ачык-айтып ак сүйлөп, ички жан-дүйнөдө жаткан көйгөйдү, ачуу чындык ак сөздү айтып, узун сабак кеп курганбыз. Алиясбектин ой-толгоолору, адамдык, атуулдук, жарандык көз карашы анын бүткүл тулку боюн, табиятын аныктап турат. А балким, атактуу Чолпонбай, Дүйшөнкул сыяктуу баатырларыбыз деле Алиясбектей жөнөкөй, бирок эл намысына, эр намысына жарыган, чыныгы ар-намыс көкүрөгүндө уюп калган, кыргыздын сөздүн чыныгы маанисиндеги уулдары болгон чыгар. Тарых – чындыктын акыркы чекити. Бүгүн биз тарыхка баа бере албайбыз, бирок ошо тарыхты кыймылдатканга канын, жанын аябаган, эч нерседен жалтанбаган уулубуз жөнүндө кеп кылалы дедик. Кыргыз духу, кыргыз руху кылым кезип, жанга орноп, көкүрөк  менен бирге  айланган табийгый феномен.


        Алиясбек Алымкулов мезгил, кырдаал, тагдыр, жигиттик намыс, көкүрөк жарыгы тууралуу кеп кылмакчы. Анда, кеп учугун улайлы. 


      - Алиясбек, Сиз эгемендүү өлкөнүн тарыхында каармандыгы, эрдиги үчүн Кыргызстандын эң жогорку наамын алган  инсансыз. Кыргыз Республикасынын Баатырысыз... Баатыр, баатырлык деген түшүнүктү кандай карайсыз?.. Сиз өлүм менен өмүрдүн  ортосунан Феникс куштай көтөрүлүп чыктыңыз, жаш болсоңуз да адамды ойлонткон терең суроого айта турган кебиңизди уксак дедик эле...


        Деги эле балалык кыялыңызда баатырларды кандай кабыл алар элеңиз? Турмушта ыйык туткан баатырларыңыз бар беле? Аларды кандай элестетер элеңиз...


     - Негизи, бул Баатырлык наам менин түшүнүгүмдө Аксы окуясында шейит кеткендер жана катышкандар үчүн, ошондой эле 24-март ыңкылабында катышкан жана ийгиликке жетишкендер үчүн, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапта шейит кеткендер жана катышуучулар үчүн берилген сыйлык. Алиясбекте болгону бул наамдын жоопкерчилиги гана бар. Калган өмүрдө жаңылып жазбай, адашып калбай, кийинки муундар үчүн бул дүйнөдө үлгүлүү жашап өтүш өтө оор болсо керек. Бирок, албетте ар бир кылган ишиңде, өзүңдү алып жүрүүдө, сүйлөгөн сөзүңдү жаңылбай туура сүйлөө, деги эле бул турмушта бардык нерсеге туура мамиле жасап, ат деле төрт туягынан жаңылат экен, биз адамбыз го, инсан катары коомчулукта туура из калтыруу оңойго турбаса керек деп ойлойм.


     Кыргыз болгондон кийин эне сүтү менен кошо аң-сезимге бүтүп, турмушту, жашоону таанып, ак менен караны айырмалай баштаган учурдан баштап эле, көз алдыңа тартылып, жүрөккө жакын туткан Кыргыздап ураан чакырган! Улуу дөөлөт түзө алган! Элибизде дүйнөдө жок океандай чалкып Мухитке айланган, баатырлыктын туу чокусун көргөзө алган улуу айкөл хан эр Манас атабызды кырк чоросу менен элестетебиз. Бала кезде айкөл атабызды окуп жатканда кыялым алып учуп айкөл атабыздын дүйнөсүнө сүңгүп кирип, мен ал дүйнө менен чогуу жашаар элем. Жеңишке жеткен жерлеринде кубанганымдан көкүрөгүм толуп көк асманга көтөрүлүп сүйүнөөр элем, утулган жерлеринде жан дүйнөм менен кейип, ызаа болуп ыйлаар элем. Ошентип бала күндөн улуу баянга сугарылып, баатырларга таазим этип, таасирленип чоңойгонбуз. Биздин элибиздин сыймыгы болгон канча деген кенже эпос баяндары, атай кетсек: “Курманбек Баатыр”; “Эр Табылды”; “Эр Төштүк”; “Эр Солтоной”; ”Жаныш-Байыш” жана канча деген кыргыз элине кызмат кылып, эчендеген эрдиктерди жараткан улуу баатыр инсандарыбыздын таасири өтө чоң болду. Ал эми кийинки эле мезгилде, өздөрүнүн эрдиги менен адамдарды таң калтырган, бүтүн Совет элине үлгү боло алган аталарыбыз Чолпонбай Түлөбердиев, Дүйшөнкул Шопоков, Дайыр Асанов жана көптөгөн аталарыбыз эмне деген баатырлыктарды көргөздү. Албетте, мектеп күндөрү биз бул адамдардын каармандыгына суктанып, сыймыктанып, таасирленип, тарбия алып чоңойдук.


     Элибизде “Баатырды учур жаратат!”,- дейт. Бул сөздүн чындыгы бар окшойт. Болбосо ошол күндөрү баатырлык эмес, биздин аман калаарыбызга эч ким кепилдик бере албайт эле. Бир Жараткандын амири менен адам баласынын акылы жетпеген, жомоктогу укмуш окуя сыяктуу, эч кандай мүмкүн болбогон жерден аман калышымды академиктер медицина жаатындагы көз караш менен карап таң калыштуу керемет дешет. Мындай окуяны башыңдан кечиргенден кийин бардык нерсеге болгон көз карашың өзгөрөт экен...


          - Сиз үчүн адам  жашоосунун маңызы эмнеде?


       - Бул дүйнөгө адам болуп жаралып келгенден кийин, коомдо татыктуу жашап өтүү, мүмкүнчүлүгүңдүн жетишинче жериңе жана элиңе туура кызмат кылуу, балдар-кыздарыңа туура тарбия берип, коомчулукка жакшы адамдарды кошуу, азга каниет кылып, бардык нерсеге сабырдуулук менен мамиле кылып, улуу муундан калган бизге гана тиешелүү болгон салттуу баалуулуктарды ааламдашып жаткан заманда жоготуп албай, кийинки муун урпактарга туура өткөрүп берүү, жеткирүү, бул дагы чоң вазийпа болсо керек.


      Илимдеги “Машина времени” деген термин менен караганда бир чаңга арзыбаган адам өмүрү абалы милдеттүү түрдө өтөлгөлүү жана өрнөктүү өмүр сүрүшү керек. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбей турган биздин коомдо мындай умтулуу менен жашагандар дагы жок эмес ошол эле учурда аз экени кейиштүү. Демократ акын Токтогул Сатылганов атабыздын “Аз өмүрдүн ичинде амандашкын күнүгө, Өлбөгөнгө табылат аздыр, көптүр дүнүйө” деген саптарындагы таклик, сабак кимге кандай?! Дүнүйө, байлык, бийлик кимге опа болуп берди. Адам жашоосунун маңызы анын ичинде мырзалар үчүн эл тилеги, журт мүдөөсү дайым биринчи орунда турушу керек. Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскергидей иш жасап, өлбөстүккө айланып кетүү мен үчүн жашоомдун маңызы деп билем. Ошого дайым умтулам.


         - Алиясбек, Сиз ажалдын алаканынан суурулуп чыктыңыз, Сиздин оюңузча өмүрдүн баркы эмнеде? Сиз өмүрдү сүйүү... бир өмүрдө кайрдан  жаралбайсың... деген сөздөрдүн маанисин кандай түшүнөсүз?


     - Адам баласы бул жашоого келген конокбуз. Бүгүнкү жашооң эртең кайталанбайт. Өткөн чакка айланып, тарых болуп кете берет. Бакытты ар ким ар кандай түшүнөт. Сен жашап жаткан мамлекетте тынчтык болсо, элиңде байгерчилик менен бейпилдик болсо, сен баалаган адамдар менен жакындарың аман-эсен болсо, үй-бүлөң тынч болсо чыныгы бакыт ошол болсо керек...


      Тилекке каршы биз пендебиз. Көр оокаттын айынан пенделик жашообузда байкап-байкабай, көп каталарды кетиребиз. Оңдоп кетсек кетирген кемчиликтерибизди ал биздин мыктылыгыбыз болсо керек. Элибизде: “Түсү ийгиден түңүлбө”, - деген сөз бар. Андай адамдар дайым аракет үстүндө болот. Кемчилигин оңдогонго аракет кылбаган адамдан үмүт кылып да кереги жок. Жашоодо ар кандай адамдар бар. Жакшылар көп болсо керек. Анткени, жашоо кербени өз нугу менен кетип бара жатат. Ошого да шүгүр... 


         “Үй ичин толтурсак да дүнүйөгө, Дүйнөнүн кызыгы башкада экен”, - деп бир ырымда шилтеп койдум эле. Мага дайым канат болгон кыялымда мен эгер коомдук ишмер болбогондо сөзсүз чыгармачыл адам болмокмун. Ал эми өнөр сүйгөн адамда эмоция болот. Элдин ак батасы менен алкышы адамдын кыска өмүрүнүн баркы деп билем.


       - Сизде, мындай ой болобу?.. Айлана-чөйрөдөгү, коомдогу болуп жаткан адам акылына сыйбай жаткан, төбө чачты тик тургузган турмуштук окуяларга... Улуу согуштун ардагеринин жакында бир жазган катын окуп калдым, ал минтип жазыптыр “Биз эмне үчүн согуштук эле, эмне үчүн миллиондогон адамдар курман болду?!” - деп. Ардагердин жанына бүгүнкү реалдуулук батып кеткен чыгар... Өткөндөрдүн эстутумуна эмне деген жоопту айтабыз...


       - Мен улуу муунга аябай боорум ачыйт. Алардын жаштыгы согуш мезгилине, ачарчылык, жокчулукка туш болуп, оор мезгилге туура келди. Өмүр бою Совет доорунда ак эмгек кылышып, эми эмгек өргөөсүнө чыгып эс алаар мезгили келгенде алар күрөшкөн, кан төккөн, түптөгөн, курган, сыймыктанган мамлекет кыска эле мезгилде кыйрап жок болуп, сый-урмат үстүндө доор сүрчү карылыгы оор заманга туш келип, өткөөл мезгилди камтыды. Эмнеге ал муундун тагдыры ушундай сыноолорго туш болуп калды экен деп түйшөлөм. Мамлекеттин тагдыры адамдын тагдыры сыяктуу. Кээде мамлекет өнөт, өсөт, кээде кыйрап жок болот. Элдин да тагдыры ошондой. Бул карт тарых өзү күбөө...





         - Алиясбек, Сиз турмуштун чындыгына тике караган адамсыз. Бүгүнкү жашоонун чындыгы эмнеде? Бул жашоодо чынчыл адамга орун барбы?


      - Бул дүйнөдө чынчыл инсан болуу өтө оор. Ушундай адамдар болгондугу үчүн биздин жашоо уланып жатат. Ал адамдардын башкалардан болгон артыкчылыгы өз абийиринин алдында таза болгондугунда. Мен андай адамдарга суктанам. Доордун улуу инсаны Чыңгыз агабыздын айтып кеткен сөзү бар: “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”. Эң өкүнүчтүүсү ушул таасири чоң накыл сөздөрдү ар пенде өзүнүн түшүнүгүнө жараша кабыл алат...




       

      - Жашоо – күрөш дейт... Сиз бул жашоодогу түбөлүктүү күрөш деп эмнени айтаар элеңиз? Сиз үчүн  жеңген жана эч качан жеңе албаган турмуш күрөшүнүн азабы эмнеде?


       - Ооба, чындыгында эле жашоонун өзү күрөш. Бирок кептин баары ким кандай ыкма менен күрөшөт, мына ошондо жатат. Бирөөлөр алдым-жуттум, алдамчылык менен далбас кыла жакшы жашадым деп ойлойт. Бир убакта токтоп артын караганда, канчалык көп ката кетирип, канча деген адамдардын көңүлүн калтырып, не бир жакындарынан айрылып, бардык нерсе кеч болуп калганын көрүп, эч нерсени оңдой албаарына көзү жетип, өкүнүч басат. Ал бул жашоодо көр пенделик менен күрөшкөн адам болуп кала берет да, андан ашкан кедей, бактысыз, шумпай жашоо өткөргөндүгүн түшүнүгү жетип-жетпей бул дүйнөдөн өтүп кете берет. Андай адамдардын ушундай жол менен чогулткан дүнүйөсү балдарына да, неберелерине да оокат болбойт. Чын дүйнөгө барганда жоопкерчилиги ошол адамда.


         Бардык нерсеге оор, татаал, бирок адал күрөш менен жеткен инсандын жашоосунун этегинде кылчайып артына караганда өзүнүн турмушта басып өткөн таза жолу кийинки муундарына же урпактарына калтырган туура эмгеги көкүрөгүн көтөрүп, чын дүйнөгө барганда Жаратканды түз карап абийири таза болсо керек. Бул өтө оор күрөш. Бактыбызга мындай адамдар көп жана бар.  


       - Алиясбек мырза, кыргыз элинде пейил деген түшүнүк бар, ал биздин элибиздин ички моралдык, ыймандык касиетибиздин туткасы болуп келген... Азыр биз байма-бай элден пейил кетти, бийликтен пейил кетти, жаштардан пейил кетти деген сөздөрдү укчу болдук. Бул канчалык негиздүү? Пейил деген эмне өзү?    


       - Пейил деген – биздин коомубуздун реалдуу күзгүсү. Эмне деген коомду куруп, кандай турмуш кечирип жатканыбыздын чындыгы. Баардыгын эле ага шылтай бергенге болбойт. Кыйшайып кетип бара жаткан болсо оңдоп кетүүгө, арамга айланып бара жаткан болсо адалдаштырып коюуга аракет кылган болсок жакшы болоор эле. Атаганат өкүнүчтүүсү элдин пейили кандай болсо, коом ошондой деп шылтап, түртө салганга өтүп алдык. Бул өтө кейиштүү кайдыгерлик көрүнүш. Жашоонун оңолушу ар бирибиздин пейилибизден. Биз үчүн бирөөлөр келип, биздин пейилибизди оңдоп бербейт. Демек, жашообузду да оңдоп бербейт. Ошол себептен ар бирибиз өз пейилибизди оңдоп, туура ой жүгүртүп, туура кадамдарды таштап, туура аракетибиз менен алдыга жылганыбыз туура болоор...


       - Коом – турмуштун күзгүсүн чагылдырган субстанция. Бүгүнкү кыргыз коому өзгөчө сөз кылууга арзыйт. Анын “өзгөчөлүгү” полярдуу ой-тааным, түшүнүктүн карама-каршылыгында жашап жатканында. Атактуу англис жазуучусу Оскар Уайльд  “Саясат кылымдын чумасы” деп айткандай, адамзат ХХI кылымда да бул илдеттен арылалбай, барган сайын анын сазына батып баратат. Саясат – Алиясбек мырзанын түшүнүгүндө кандай чечмеленер эле... Ага көз карашыңыз. Өзүңүздү саясатчы деп эсептейсизби?


         - Биз кызыктай эле бир мезгилге дуушар болдук. Улуу Британиянын  бир кездеги атактуу Премьер-министри У.Черчилдин айткан сөзү бар экен: “Демократия эң жакшы нерсе эмес. Бирок, адам баласы азырынча андан жакшы нерсе ойлоп тапкан жок!”, - деп. Кыргыз эли саясатты өзүбүзгө ылайыктап түшүнүп алдык. Дүйнөлүк саясаттан керектүү жерин алабыз, кереги жогун кесип салабыз. Айтор баш-аламан. Баардык нерсени ар бир башкаруучу жана башкаруучунун чөйрөсүнүн өзүнүн саясатына ыңгайлаштырганга аракет кылат. А мамлекеттин, элдин ыңгайына кароону дайым экинчи катарга калтырып кетишет. Биздин бүгүнкү күндө саясаттагы чыныгы жүзүбүздүн күзгүсү болсо керек. Француз королу Людовик ХV айткандай: “Менден кийин мага десе дүйнөнү суу каптасын!”. Айрым бир учурда биздин саясатчылар ушундай түшүнүк менен иш алып барып, жашагандай сезилет.


          Абай “Пайгамбардай жигиттер бар минээрге эшеги жок, Эшек сымал жигиттер көп, малынын эсеби жок”, - деген экен, анын сыңарындай биздин өлкөнүн саясатын малынын эсеби жоктор жүргүзүп жатат дешет, ким канчалык айтса дагы убакыттан жана мезгилден өткөн сынчы дагы тараза дагы болбосу бышык, учуру келсе баары өз баасын алат.


         Саясат – бир мамлекеттин жана ал мамлекеттин ичинде жашап жаткан элдердин кызыкчылыгын коргоо... 


        - Жашоодо өзгөчө ыйык туткан Сиз үчүн кандай түшүнүктөр бар?


        - Жараткандын мыйзамын бузбоого аракет кылуу. Өткөнгө урмат менен кароо. Ата-бабалардан бери келе жаткан кыргызга тиешелүү болгон баалуулуктарды баалоо жана сактоо. Мамлекетиңе жана элиңе мүмкүнчүлүктүн жетишинче жакшы жана туура кызмат кылуу. Ата-энени сыйлоо, ыраазычылыгына ээ болуу. Балдарга туура тарбия берүү...


      Ыйманын жеп, абийирин сатып, эл ырысына кол салып жибергенден сактануу менин ыйык туткан түшүнүгүм. Калыгул олуя айткандай “Малым-малым дебегин, Малың токой чымчыгы, Үйүм-үйүм дебегин, Үйүң токой чырпыгы” экенин дайыма айтабыз, бирок канчалык колдонобуз, ушул түшүнүккө амал кылабыз?! Эгемен мамлекетти кандай муунга өткөрүп беребиз, урпактар кандай чыгат маселе дагы дайым түйшөлтүп көкүрөк өйүп  жүрөт. Мекенди билимдүү муунга татыктуу өткөрүп берүү дагы мендеги ыйык түшүнүк.


         - Адамдын бир кудайы бар, ал жандүйнөнүн ички Кудайы. Дүйнөнү ишеним сактап калат деп жүрүшөт. Ал кандай ишеним?


          - Эгерде ишеним болбосо жашоонун өзүнүн болушу өтө татаал. Кээде ойлойм “эгерде менде ишеним болбогондо жашап калышым мүмкүн эмес болчу” деп. Ар дайым адамда ишеним болуш керек. Ишеним – чоң күч-кубат. Ишеним болбой, иш болбойт. Дайыма мамлекеттин келечеги болооруна, элдин эртеңкиси жакшы болооруна, балдарыбыздын кийинкиси эң сонун болооруна ишенип жашап аракет кыла билгенде, ал адам эң күчтүү адам болот. Ал касиеттин аты – ишеним. 


         - Алиясбек, сиз ашкере эмоцияналдуу адамсыз. Эмоция –жандүйнөнүн күзгүсү. Ал күзгү Сизге эмнени айтып турат? Эмоция ички революция деп да акылмандар айтып жүрбөйбү...


         - Тилекке каршы чындыгында эле мен эмоционалдуу адаммын. Көп жерден бул сапат мага жолтоо болот. Эмоция учурунда бардыгын айтасың, ичиңде эч нерсе калбайт. Жамандык издөө, арам ойдон алыс болосуң. Кээде, кайсынысы туура экенин билбей да каласың. Бирок, эмоционалдуу адам ички дүйнөсүн төгүп, бардык нерсеге ачык жана чын дили менен мамиле жасайт. Элибизде сөз бар: “Сабырдын түбү сары алтын”...


       - Алиясбек мырза, өмүрдү, жашоону, бул жарыкты эмнеси үчүн сүйсөк болор эле? Жашоо абсурд  эмес да, ээ?


       - Жашоону абсурд катары караган адамдардын ою да пас, өзү да пас, ички дүйнөсү өтө тар, жан дүйнөсү жакыр адамдарга тиешелүү болсо керек. Жараткан бизге жарык дүйнөдө жашоо бергенине ыраазы болуп, сүйүп жашаш керек. Мунун өзү бизге болгон ченемсиз чексиз белек.


      - Алиясбек мырза, мындай бир кызык суроо да. Эгерде Сиздин жүрөгүңүзгө, алаканыңызга, көкүрөгүңүзгө үч улуу касиетти сал десе, Сиз эмнени салар элеңиз?


       - Адамгерчилик, жаратмандык, камкордук жана сүйүү. Бул касиеттин ичинде адам баласына абадай керектүү болгон өтө таасын улуу сапаттар укамтылат.  


       - Жашоодо түбөлүк умтулганыңыз эмне?


        - Каерде, кантип, кандай шартта, канча жашта өмүрдүн аяктаарын эч ким билбейт. Ошол учур келгенде Жараткандын алдында жана өз абийиримдин алдында таза болгонго умтулам.


     Замандын бир заманында, биз жашаган жарык дүйнөдө бир каардуу хан өкүмдүк кылып доор сүргөн экен. Ушунча бийлиги, жылулугу жок жарык бере албаган эбегейсиз байлыгы болуп туруп, өзүн бактысыз сезчү экен.  Күндөрдүн бир күндөрүндө мыкты даанышман, көрөгөч, акылман инсандарды чогултуп “Мен канткенде бактылуу боло алам?” - деп суроо салат. Ар бири ар кандай сунуштарды айтып, каардуу хандын көңүлүн алганга аракет кылышат. Эмнегедир эч биринин айтканына өкүмдар ынанбайт. Ошондо, хан сарайда эң татынакай, ажайып керемет, адам баласын суктандырган, өтө сулуу, жыпар жыты аңкыган багы болгон экен. Хан ушундай бейиштей кылып бак өстүргөн багбанчынын эмгегине суктанып, багбанчыга суроо салат: “Мен канткенде бактылуу боло алам?” - деп. Өтө сабырдуу, дайым өзүн бир калыпта алып жүргөн, жашы келип калган, улгайыңкы багбанчы ойлуу көздөрү менен өкүмдарды карап: “Сиз бактылуу кишинин көйнөгүн кийгенде гана бактылуу боло аласыз”, - деп жооп берген экен. Аны уккан хан өзү ишенген жигит башына жан жоокерлерин жандатып, бактылуу адамдын көйнөгүн таап келгенге буйрук кылат. Желдеттер кайда гана барбайт. Канчалаган шаарларды, эчендеген өзөндөрдөн өтүп, кум-белдерди ашып жүрүп эч жерден бактылуу адамдын көйнөгүн таба алышпайт. Жылбышып жылдар, айланып айлар, кубалашып күндөр өтө берет. Жигит башы ак жүзүн бырыш басып, кара чачын ак аралап күч-кубаттан тайып, чарчап чаалыгып айылдын четиндеги бир үйдүн жанына келип аттан түшүп эс алып олтурат. Маңдайында турган үйдүн терезеси ачык экен. Үй ээсинин айтып жаткан сөздөрүн кулагы чалып калат. “Мен бактылуумун балдарым. Биз жашаган өлкө тынч. Элибиз бакыбат. Байгерчилик жашоо. Байбичем жанымда. Балдарым кашымда. Неберелерим эшик алдында ойноп жүрөт. Чыныгы бакыт ушул эмеспи!” - деп айтып жаткан болот балдарына неберелерин эркелеткенче. Ошондо жигит башы сүйүнүп жулунуп кирип барса, үй ээсинин үстүндө кийип отурган бир гана чапаны бар экен. “Көйнөгүңдү бер!” - деп буйрук кылганда, “Болгон кийимим ушул”, - деп чапанын чечип берет. Чапанды алган бойдон чымын-куюн болуп, шамал менен тең жарышып сызып, хандын ордосун көздөй жөнөйт. Жетип келген мезгилде хан бул дүйнө менен кош айтышып, чын дүйнөгө кеткен болот. Ушунчалык бийик даражада туруп, айтканы айткан, дегени деген болуп, жүз миңдеген адамдардын тагдырын чечкен падыша бир жөнөкөй багбанчы түшүнгөн бакыттын даамын сезе албай, ички дүйнөсү кедей болуп нурга толбой, бакыттын жытын искей албай, падышалык даражада турса дагы байкуштун кебетесин кийип бул дүйнөдөн бактысыз болуп өтүп кеткен экен...


        Бакыттын өзү – тирүүлүк, тирүүлүктүн өзү – бакыт. Ошол бакытта, ошол тирүүлүктө адам да, адамдык жашоонун маңызы да жашайт...


Аңгемелешкен  С. АКИМ


Пикирлер (8)

Коопсуздук коду
Сайкал
Ар бир сөзү кишиге дем,күч берет чиркин...! Асыл адамдар жашасын жашообузда.
Бообек
Ийгилик байке, эч качан оорубаныз!
Сабыр Жумабеков
Ото кучтуу ,таамай,так,туура айтылган создор. Жаштарга улгуу болотурган,жол корсото турган улуу инсан.Аман бол,барбол мен сыйлаган,урматтаган,баатыр иним.
Анара
Сизге жана жакындарыныздарга жакшылыктарды каалайм! Ишинизде ар дайым ийгиликтер болсун!!!
Сезим
Алиясбек байке сиз президент болушунуз керек. Ошондо Кыргызстан онугот.