Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:25
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры: “Билимге гана басым жасай берсек, анда биз мутанттарды коомго кошкон болобуз”

04.01.2024 10:38
1816
Алиясбек Алымкулов, Кыргыз Эл Баатыры: “Билимге гана басым жасай берсек, анда биз мутанттарды коомго кошкон болобуз”


- Алиясбек мырза, доор алмашканы менен өзгөрүү болбой келеби?


- Адам баласы жаралгандан бери канча доор алмашканы менен жер бетинде жашаган жашоочулардын кулк-мүнөзү алмашкан жок. Биз утурумдук нерселер менен гана алышып, келечектеги муундардын камын унуттук. Азыр бат жаңылануу заманында учурга ылайыкташууга жетишпей, "мен" деген эго менен жашап, жаратылыштын мыйзамдарына карама-каршы туруп, жер планетасы адам баласынан зыян тартып жатат.


- Адамзаттын кайсы кемчилигин байкап атасыз?


- Кыргызстандын жаратылышы ажайып кооз, керемет. Кайдыгерлик мамиле жасап, бир гана акча табууну көздөп, байлыктын кулу болуп, чектен чыгып, аша чаап бара жатканыбызды билсек дагы, планетаныбыздын коопсуздуктарына көз жумуп, тирүүчүлүктүн өмүрүнө балта чаап жатабыз. Биздин кемчилик өзүм билемдик менен кооздукту талкалоо. 


- Кен байлыктар менен кошо суубуз бар...


- Сууларыбызды үнөмдөп, экономикалык өсүшүбүздү жөнгө салууну бүгүн терең изилдеп колго албасак, эртең кеч болуп калат. Саясый жана мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун суу чарбасы жана кен байлыктар боюнча жасаган эмгектери бизге үлгү болуп, заманбап технологиялардын жардамы менен өздөштүрүү зарыл. 


- Кандай кемчиликтерибизден арылсак жакшы болот эле?


- Билим менен адеп-ахлакты айкалыштырып тарбиялоо – ата-энелердин жана устат, мугалимдердин тыкыр маани бере турган учуру. Эгерде билимге гана басым жасай берсек, анда биз мутанттарды коомго кошкон болобуз. “Улуулардан үлгү алат” десе, манап, бий, болуш, датка, хан болгубуз келет. Бирок, алардын жакшы жактарын, кеменгерлигин, даанышмандыгын, эрдигин, элине пайдалуу нерселерди жасап кеткен эмгектерин акылыбызга сиңиргибиз келбейт. Биздин кемчилик – жакшыны эмес, жаманды бат кабыл алып жатканыбыз. 


Улуу элдин өзөгү бар. Биз мына ошол өзөгүбүздү таанысак, акыл менен өзүбүздүн урпактардын келечегин да куруп кете ала турган мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.


Маектешкен: Сурат Жылкычиев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн