Буга чейин айрым маалымат булактары экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовду “Бир Бол” партиясына кошулуп, аталган саясий уюм менен парламенттик шайлоого аттаанарын жарыялаган. Бул боюнча Шыкмаматов үн ката элек.
Биздин “Бир Болдогу” ишенимдүү булактарыбыз аталган маалыматты тастыктады. Белгилүү болгондой, Алмамбет мырза күзүндө өтө турган шайлоодо “Бир Бол” партиясынын штабын жетектеп, ушул саясий уюмду алга сүрөйт экен. “Ата Мекендин” катарынан чыккан Шыкмаматовдун уюштуруучулук жөндөмү жогору экени буга чейин тастыктаган. Ал эми шайлоо жакындаган сайын саясатчылардын мындай биригүүлөрү алдыда дагы күтүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн