Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:18
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Алмамбет Шыкмаматов: Кош жаным жарым Жанарым (ыр, сүрөт)

08.07.2020 15:48
1766
Алмамбет Шыкмаматов: Кош жаным жарым Жанарым (ыр, сүрөт)

 

Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына маркум жубайы Жанара Турдакуновага арнап “Кош жаным жарым Жанарым” деген аталыштагы коштошуу ырын жазып калтырды.


Анын жубайы өпкөнүн эки тараптуу сезгенүүсүнөн (пневмония) 6-июлга караган түнү ооруканадан каза тапкан.

 

Ырдын текстин толугу менен сунуш кылабыз.

 

Канатым сынып кайрылды,

Бөлүшөөр барбы кайгымды?

Ажырап калдым жарымдан,

Өмүрлүк жаным, периштем.

 

Өксүдү жаным, ый толуп,

Санаага баттым ойлонуп.

Жазылган дешет маңдайга,

Башынан баары болжонуп.

 

Жаш элең, жаным жаш элең,

Баарына өзүң, баш элең.

Асылым сени, жар кылып,

Төрөп берген ата-энең.

 

Адамдан элең башкача,

Жарашчу сени мактаса.

Ажалды таптың доктурдан,

Болобу баса айтпаса.

 

Жашап бир келгем жомоктой,

Сен барда баарын тоготпой.

Өксүттүң жанды асылым,

Олтурам ыйлап шолоктой.

 

Кош жаным, жарым асылым!

Жоготту жүрөк жакынын.

Бүдөмүк болуп алды жак,

Жетпей бир турат акылым.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн