Алмамбет Шыкмаматов «Мамлекеттик ипотекалык компаниясы» ААКнвн башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды. Бул маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Мындай чечимди бүгүн директорлор кеңеши кабыл алган. Буга чейин Аида Төлөгөнова МИКтин жетекчиси кызматын аркалап келген. Ал кызматта 2,5 жыл иштеген.
Алмамбет Шыкмаматов 2023-жылдын январынан бери Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн