Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:57
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Алмамбет Шыкмаматов: Шайлоонун өз мөөнөтүндө өткөнү - аба менен суудай керек

26.06.2020 17:45
1943
Алмамбет Шыкмаматов: Шайлоонун өз мөөнөтүндө өткөнү - аба менен суудай керек


Парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өткөнү –  стабилдүүлүк үчүн аба менен суудай керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде чоң кризис болуп, шайлоо уюштурууга мүмкүн болбой, эпидемия каптап туруп алса, мамлекет эки гана айга жылдыра алат. Бирок бул эки айдан ашып кетсе, өлкөдө саясый кризис башталат. Анткени, Жогорку Кеңеш легитимсиз болуп калат.

“Себеби дегенде парламент беш жылга шайланат, ошол мөөнөтүнөн бир да күн ашык отуруусуна Конституция жол бербейт. Кара күчкө жана өз билемдикке салып отуруп алса, элдер ага моюн сунбай бийликке парламенттин легитимсиз экенин билдире баштайт. Кудай анын бетин ары кылсын, эгерде апаат өтө катуу болуп туруп алса, Президент экономикалык жана башка кечиктирилгис чаралырды озунун жарлыгы менен тескеп турса болот. Бирок 6 айдан ашпаган мөөнөткө. Бул айласыз жана аргасыз көрүлгөн чара. Акыры барып чоң саясый кризисти, саясый туруксуздукту пайда кылат. Саясый кризис деген пандемиядан дагы чатак. Ошондуктан шайлоонун өз убагында өткөнү жакшы. Парламенттик шайлоонун мөнөтүн жылдыруу бийликчил партиялар үчүн өтө опурталдуу жана коркунучтуу. Анткени канчалык убакыт өткөн сайын процесстик электорат көбөйөт", - деди Алмамбет Шыкмаматов..

Буга чейин БШК тарабынан парламенттик шайлоонун 4-октябрда өтөрү белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн