Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:47
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Алмамбет баатырдын триумфу жана трагедиясы

21.12.2023 11:03
1599
Алмамбет баатырдын триумфу жана трагедиясы


1. Алмамбет кайсы өлкөдө туулган, кайдан окуган?


Алмамбет “Манас” эпосунун борбордук каармандарынын бири. Ал негизи кытай элинин кулуну. Кытай өлкөсүндө туулуп өскөн. Бирок ал кандай тагдыр менен Ала-Тоого келип, кандайча Манас менен дос болуп, кыргыз жерин жердеп калган? Адегенде ушуга токтолуп, анын Кытайда башынан өткөргөн окуялары, өмүр таржымалы жөнүндө сөз кылалы. Анткени Алмамбеттин кытайдагы тагдырын талдабай туруп, анын образынын руханий-гуманисттик маңызын, Ала-Тоого жер которуусунун түпкү сырын түшүнүү кыйын. Бүгүнкү кытай окумуштууларынын жазганы боюнча Кытай цивилизациясынын жаралганына он миң жыл болуптур. Андыктан орто кылымдагы Кытай өлкөсүндө ар кандай өнөрлөрдү үйрөтүүчү мектептер, билим уялары кыйла болгон. Хандын баласы болуп, мүмкүнчүлүгү кенен болгондуктан Алмамбеттин да атайын өнөр-билим үйрөткөн окуу жайдан окугандыгы “Манаста” образдуу түрдө айтылат. Алты жашынан баштап, Суук-Төр деген жерде жайчылыкты жана согуштук өнөрдү үйрөткөн окуудан окуптур. 


2. Алмамбет – адилеттүү хан


Алмамбеттин андан аркы жашоосу жөнүндө Манас изилдөөчү Айнек Жайнакова мындайча жазат: “Он төрт жашынан тартып атасынын ордуна такка минип, сурак жүргүзөт, калыстыгы, адилеттиги менен атагы чыгат, Кытайдын башка хандыктарындагы адамдар ага келип арыз-муңун айтуу, качып келип анын карамагына өтүү көп болот. Бул иштер айрыкча баланын адилет, калыс адам катарындагы эл арасындагы даңкы кытай хандарынын күнүчүлүгүн туудурат. Алмамбет Кытайда колдонулган айрым адаттарга каршы чыгат. Мисалы: башка жактан улук келсе, анын урматына адамдан курмандык чалынат экен. Алмамбет шаарларды кыдырганда анын урматына да адам чалмак болушат, ал билип калып тыюу салат. Кытайдын башка ханы Эсенкан үчүн жаңыдан бойго жеткен кыз балдар менен эркек балдарды өлтүртүп, алардын боорунан кары адамды жашарта турган дары жасашчу экен. Алмамбет буга да каршы болот”.

 Алмамбет Кытайдын хандыктарындагы феодал төбөлдөрдүн зордукчул, акимчил канкор бийлигине, (Коңурбай “Эл дегениң эмине?” деп кекээрленип, элди чымын ордуна көрбөй жатпайбы), төбөгө камчы ойноткон катаал башкаруусуна карата альтернативалуу бийлик жүргүзө баштаган. Жогортон келген төрөлөрдүн урматына тирүүлөй кишилерди мууздап, садага чапкан антигуманисттик ритуалды кан буугандай токтоткон ким? Ал – Алмамбет. Гумандуу, калыс, адилеттүү сурак жүргүзгөндүктөн Алмамбетке адилет хан катары Кытайдын туш тарабынан кор болуп, ыза көргөндөр арыз-муңун айтып келе баштаган. Эл ичинде Алмамбеттин популярдуулугунун ушинтип өсүшү кытай улуктарынын кадыр-баркына шек келтирген. Алмамбеттин адамгерчиликтүү башкаруусу, эски түркөй ырысмы-көнүмүштөрдү жоюп, жаңы тартиптерди киргизип жатышы феодал төбөлдөрдүн безине тийген. Алмамбеттин ишмердигинен император Эсенкан баш болуп, мамлекеттин көнүмүш нуктагы “бейпилчилигине” ошондой эле хандардын өзүмбилемдик бийлигине коркунучту көргөн. Азизкандын уулунун элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп кетишенен чочулашып, үрөйлөрү учкан. Калыс иштери, боорукерлиги менен Алмамбеттин элге алынып жаткандыгы улуктардын ичин күйгүзүп, көралбастыктарын жараткан. Алмамбеттин көмүнүштү бузган “бузукулугу” жөнүндөгү ушак маалыматтарды император Эсенканга көрүнөө да, көмүскө да жеткирип турушкан. 


3. Алмамбеттин кытайлык монархия менен болгон кагылышы


Демек, Алмамбет менен Коңурбайдын ортосундагы эрегишүү, же болбосо Алмамбет менен император Эсенкандын ортосундагы келишпестик жөнөкөй гана инсандар аралык конфликт эмес. Бул кагылыш мезгилинен эрте ойгонгон гениалдуу инсан менен бүтүндөй феодалдык доордун ортосундагы драма, тагыраак айтканда, орто кылымдагы Кытайда үстөмдүк кылган хандык-монархиялык система менен акылман баатырдын гуманисттик умтулуштарынын ортосундагы трагедиялуу кагылыш болуп эсептелет.


Алмамбет бул күрөштө армандуу болду. Анын арманы жалгыздыгында эле. Анын бүтүндөй империялык бийликтин темир алкагынын курчоосунда жалгыз калган абалы апасы Алтынайдын ый аралашкан армандуу сөзүндө таасын берилет: 


Жаңырыктуу кыядан,                                                                     

Жалгыз элең уядан.

Улуктун калдың каарына,

Убара салаар жаныңа.

Тегерегиң темирден

Торго калдың кулунум.

Тереңдиги кырк кулач

Орго калдың кулунум.


Мынакей, Алмамбеттин айласыз абалы ушинтип энесинин сөзүндө берилген.


Көп өтпөй Эсенкан жаалданып бакырып, балбандарды чакырып, моминтип буйругун таратып турат:


Өзөгүмдөн өрт күйдү,

Өз ичимен жоо чыкты! 

Алмамбет тийсе колуңа,

Эки колун байлап кел.

Өлтүрбөстөн чочкону 

Бээжинге тирүү айдап кел!


Мына ушинтип адилеттүүлүктүн жолун издеген, карапайым журтка болушуп, башкаруунун зордукчул эмес бөлөкчө ыкмаларын колдонууну баштаган Алмамбетке каршы Кытайдын бүткүл феодалдык-аскердик машинасы каршы көтөрүлдү. 


Ал бүтүндөй хандар, аткаминерлердин армиясы, бүтүндөй мамлекеттик машина, атүгүл атасы каршы чыгып турганда психологиялык бүлүнүүгө учурап, руханий депрессияга кабылып, өзүнөн өзү шектенип, эки анжы болушу мүмкүн эле. Бирок аны бир чоң нерсе сактап калды. Бул Алмамбеттин өзүнүн ишинин ак экендигине, Кудай алдында күнөөсү жок, абийири таза экендигине бекем ишенгендиги эле. Ошондуктан ал эң татаал да, эң катаал да кырдаалдарда өзүн жоготпой, өз алдынчалыгын сактап, өз ишениминде бекем туруп, өз чындыгы үчүн башын канжыгага байлап, жалгыз салгылашка чыкты. Мына ушундай туш-тушунан курчап келген калың жоонун алдынан айкырып чыгып, топ карганын быты-чытын чыгарган ылаачындай качырган Алмамбетти кантип шер деп айтпайбыз!


4. Энени ыйык туткан Алмамбет


Ошону менен бирге тагдыры кылдын кырында кылтылдап, “жаны төрт чарчы” болуп турганда энеси Алтынайга болгон ыйык мамилеси Алмамбет каарманыбызга биздин терең урмат-сыйыбызды пайда кылат. Карл Ясперс деген окумуштуу “чек аралык кырдаал” (“пограничная ситуация”) деген терминди ойлоп тааптыр. Бул терминдин түшүнүгү боюнча, адам өмүр менен өлүмдүн ортосунда (“чек арада”) турганда ал коомдук-социалдык байланыштарын унутуп, өзүнүн гана кара башын ойлоп, биологиялык макулукка айланып калат экен. Ошондой “чек ара кырдаалына” туш болгон Алмамбеттин тозоку кырдаалдагы моралдык жүрүм-туруму Ясперстин теориясын төгүнгө чыгарат дегим бар.


Душмандын курчоосунда жалгыз салгылашып, өмүр-өлүмдүн ортосунда, ажалдын оозунда турса да, Алмамбет “алтыным, асыл энем” деп ый аралаш бакырып, апасынын өлүгүн кызыл чоктун ичинен куткарып алып чыгып, сөөгүн токойго жашырып, көмүүгө үлгүрдү. Ясперс айткандай, “чек ара кырдаалын” баяндаган бул сюжетте Алмамбеттин адамда жок шердиги, жанды оозго тиштеген шарттарда жасаган эрдиги, энесине болгон ченде жок балалык сүйүүсү, жандүйнөсүнүн асылдыгы, жүрөгүнүн түпкүрүнө орногон ыймандык парздын күчтүүлүгү кашкая ачылып көрүнөт. “Чек ара кырдалында” (Ясперс) коркуу инстинкти эмес, адамдык нарк женди. 


5. Уулунун чындыгын коргоп, империяга каршы найза көтөргөн эне


Алмамбеттин энесине жасаган улуу урматын жана уулдук чексиз сүйүүсүн айтып жатып, Алтынайдын баласына болгон энелик сүйүүсү жана кыйын-кезең кыяматтуу учурда жасаган эрдигин айтпай кетүү мүмкүн эмес. Алмамбеттин Кытайдагы тираниялык бийликке каршы күрөшүн энесинин эрдигисиз толук элестете албайбыз. Ырас, дегеле эне деген боор эти менен тең баласы үчүн чыркырап отко, чокко түшүүгө даяр. Бирок бул жерде Алтынай апа энелик инстинкт менен гана колуна найза алган жок. “Асылым жалгыз Алмам” деп атпайбы! Эл үчүн күйгөн, бечараларга болушкан, “кара кылды как жарган” уулунун калыс, адилеттүү сапаттарын жогору баалап, “Асылым Алмам” деп жатат. Уулунун ак жеринен күнөөлөнүп, “өздөн чыккан жат” катары улуктардын каарына калып жатканына энесинин күйбөгөн жери күл болду. Алтынай эне Алмамбет баласынын актыгын коргоп, кутурган төрөлөргө каршы көтөрүлдү. Чачын төбөсүнө түйүп, “өлбөй тирүү турганда, кай муратка жетейин” деп философчосунан ойлонуп, акыйкатты көз көрүнөө тебелеткенден өлүмдү артык көрүп, ажалды беттеп чыккан Алтынай апасынын энелик улуу сезимине жана руханий бийиктиктигине, каармандыгына таазим! Коңурбайдын Алгарасынын шыйрагына сайылган Алтынайдын найзасынын учу – бул чындыкты чыркыратып муунтуп жаткан зордук-зомбулукка каршы ок болуп атылган эненин жүрөгү болду. “Манастын” бул эпизодун биз эне жөнүндөгү гимн десек да болот.


6. Чындыкты, акыйкатты көтөрүп, дубалдан секирген Кылжейрен


Алмамбеттин баяны бүтүндөй эле драма. Окуянын финалынын драмалык чыңалуусу да жогорку нокотко чейин жетип турат. Апасын жаңы эле токойго көмүп, психологиялык оор абалда турганы аз келгенсип, Коңурбай, Жолой, Нескаралардын аскерлери темир тор болуп тегерете курчап калды. Муну көргөндө ансыз да дарманы кеткен Алмамбет чындап жанынан түңүлдү. Ажалы жеткенин ойлоп, душмандын колуна түшкөнчө, өз жанымды өзүм кыйып, апамдын артынан кетейин деп ойлоду. Тигинде турган бийик дубалга учкан бойдон барып ат-маты менен урунуп өлүүнү чечти. 


Ат – адамдын канаты деген чын экен. Баатырдын жанын Кылжейрен аман алып калды. Мен мынабу аскадай заңкыйган бийик дубалга символдук маани берет элем. Бул бийик дубал Кытайдагы деспоттук бийликтин кара коргону сыяктуу. Ал эми Кылжейрен ошол коргондун үстүнөн зомбулукту кабыл албаган эркин духту жана адилеттүүлүк деген адамдык улуу дөөлөттү көтөрүп, секирип өткөндөй.


7. Муздун арасында өскөн жалгыз гүл


Алмамбеттин Кытайдагы тагдырына байланыштуу жыйынтык сөзгө келсек, ал байыркы Кытайда жашап турган деспоттук тартиптерге, өз эркин каршы койгон, агымга каршы сүзгөн биринчи бунтарь, козголоңчу, абсолюттук бийликтин түмөндөгөн аскерин жалгыз качырган шер. Алмамбет баатыр жоокер, шер гана эмес, рухтун да баатыры. Алмамбет акыйкат издеп, багынбаган рух! Алмамбет өз алдынча эркин ой жүгүртүүгө жетишкен инсан. Ал адамдын тагдырын төбөдөгү асман аныктабайт, адам өзүн-өзү да, коомду да, мамлекетти да өзгөртө алат, жаңыча башкара алат деген көнүмүштөн тыш ойго келген инсан. Бирок эркиндиктен эбак орногон катаал тартиптер жогору, инсандан мамлекет жогору деп санаган кытай өкүмдарчылыгынын шартында Алмамбеттин бак-таалайынын ачылышы мүмкүн эмес эле. Алмамбетти муздун арасынан өскөн жалгыз гүлгө окшоштурса болот. Бүтүндөй доорду муз каптап жаткан кезде гүлдүн көгөрүп-көктөп, жадырап-жайнап ачылышы күмөн эле. Алмамбет мезгилинен эрте учуп, канаты кайрылган турна! 

Анын жүрөгү эл деп соккон. Ал “Гүлүстөн элим кор болду” деп ичинен эзилип, кайгырып турбайбы. Алмамбет өз доорунун алдыңкы гуманисттик ой-пикирине таасирленген, адамгерчилиги бийик, жандүйнөсү таза, асыл адам. Образдын трагизми ушул адамдык жарандык асылдыкты баалоого коомдун али өсүп келе электигинде жатат. Эрте ойгонгон инсандын гуманисттик умтулуштары менен мамлекеттин консервативизминин ортосундагы чечилгис карама-каршылык Алмамбет баатырдын трагедиясына алып келди. Энесинен ажырап, Ата журтунан куулуп, өлкөсүнө кайра кирүүгө акысы жок, ак жеринен күйүп, чет элге тентиши баатырдын трагедиясы эмей эмне? Алмамбеттин трагикалык образынын тереңинен деспоттук мамлекеттен инсан, анын эркин иш-аракеттери, эрктүүлүгү маанилүү, алкактын ичиндеги түркөй ритаул-тартиптерден адамдын ыктыярдуу эркин жүрүм-туруму, өз алдынча кадамдары маанилүү, бир жерде токтоп калган догмалардан жаңылануу, өзгөрүү маанилүү деген философия чыгып турат.


8. “Кызыл найза желегим, Кытайдан келген белегим!”


Өлкөсүнөн кетип, Көкчө баатыр башкарган казак хандыгына башкалкалап барган Алмамбет, канчалык ак ниети менен кызмат кылса да, калыстыкты таппай, ал жерден да кетүүгө аргасыз болот. «Кайыңды көрсөм конормун, кайышпай кайың көтөрсө, как ошо жерде болормун» дейт Алмамбет. Чындык, адилеттүүлүк кай жерде болсо, ал ошол жерде. «Башымды жөлөр паана жок, баркымды билер даана жок» деп арман кылган Алмамбет акыры издеген акыйкатын Манастын айкөл дүйнөсүнөн табат. Өз кезегинде «издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди» деп ичинен тымызын Аккан досту көксөп жүргөн Манас, Алмамбеттен өзүнүн руханий эгизин көрүп, «алыскы ишти ойлогон, акылмандын бири экендигин» таанып, кучагын жайып кабыл алып, «кызыл найза желегим, Кытайдан келген белегим» деп аны менен ажырагыс дос болот.


9. “Манастын” маңызын жалпы адамзаттык бийиктикке көтөргөн каарман


Алмамбет Манаска, кыргыз элине чын жүрөгүнөн ак кызмат кылат. Анын адамдык бийик нравалык идеалдарга берилген таза жүргөгүн көрүп, акылман Бакай “Ал Алмамбет арстанды, Манастан да артык көрөмүн. Баатыр Алма султанды, баламдан жакын көрөмүн” деп агынан жарылат. Манас “Чоң Казатка” аттанганда Алмамбетти аскер башчысы кылып дайындап, ага бир тууганына ишенгендей ишеним көрсөтөт. Алмамбет “Чоң Казатта” мурдатан өзү жек көргөн кытайдын “кызыл камчы” бийлигинин аскердик машинасы менен жан аябай согушат. Алмамбеттин кытайдын карапайым элин тирандардын чеңгелинен куткарсам деген ичинде тымызып тилеги болгон. Бирок, тилекке каршы, Чубак, Сыргак, Көкчө баатырлар менен кошо “Чоң Казатта” окко учуп, өлүмгө дуушар болот. Манастын Алмамбетке берилгендиги ушунчалык, ал “асылым Алмам, ала жат!” деп бакырып, уруш талаасында жашын төгүп турат.


 Алмамбет феодалдык доордо чындыкты, акыйкатты издөөнүн ачуу драмасын баштан өткөргөн, өзүндө универсалдык моралдук дөөлөттөрдү жана акыйкатка негизделген достук философиясын алып жүргөн, дүйнөлүк деңгээлдеги трагикалык каарман. Анын образы “Манас” эпосунун мазмундук маңызын жалпы адамзаттык бийиктикке көтөрүп турат.


Советбек Байгазиев 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн