Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:02
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Алматыдагы жер титирөөнүн кесепетинен сегиз адам жабыркаган

23.01.2024 09:41
1983
Алматыдагы жер титирөөнүн кесепетинен сегиз адам жабыркаган


Алматыдагы жер титирөөнүн кесепетинен сегиз адам жабыркаган. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.


Алардын айтымында, адамдар үйдөн чуркап чыгып жатып же терезеден секирип жатканда жаракат алышкан.


«Турак жайлардын экинчи жана үчүнчү кабаттарынан секирип, үч адам жабыркады. Экспертизадан кийин эки жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Үчүнчү бейтаптын абалы оор деп бааланып, ооруканага жаткырылган. Бешөө үйдөн качып баратканда жаракат алган. Бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин алар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деп маалымдаган Алматынын саламаттыкты сактоо департаменти.


Буга чейин жер титирөөнүн очогу Кытай менен Кыргызстандын чек арасында экени айтылган. Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын тургундары катуу жер титирөө болгонун билдиришти. Жер титирөөнү Алматы шаарынын (Казакстан) тургундары да сезишти.


Бишкек шаарында жер титирөө 4-5 баллга чейин сезилди. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн