Бүгүн, 11-январда Алматыдан 150 кыргызстандык мекенине алынып келинди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, алардын арасында балдар, карылар жана студенттер бар.
Казакстандагы кыргыз жарандары Казакстандан Кыргызстандын консулдугу тарабынан атайын уюштурулган автобустар менен «Ак-Жол» өткөрмө бекетинен алынып келинген.
Ал жерден мекендештерди Бишкек мэриясынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин имаратына алып келди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн