Теке 04, 2024
Убакыт: 14:11
USD
85.80
86.70
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.010

Алмаз Имангазиев Түркиянын юстиция министринин орун басары менен жолугушту

02.07.2024 12:07
89
Алмаз Имангазиев Түркиянын юстиция министринин орун басары менен жолугушту


Анкара шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Түркиянын юстиция министринин орун басары Хуршит Йылдырым менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, талкуунун негизги темасы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жарандык, экономикалык жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу контекстинде өлкөлөр ортосундагы укуктук тармакта кызматташуу болду.

Тараптардын аймагындагы абактарда жазасын өтөп жаткан соттолгондорду экстрадициялоо жана которуу маселелери кеңири талкууланды.

Эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жана Юстиция министрлиги менен Түркиянын Юстиция министрлигинин ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүү белгиленип, тараптардын кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө даярдыгы белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн