Алмаз Кулматов өлкөнүн эң маанилүү басылмаларынын бири болгон "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ал министрлер кабинетинин төрагасынын тескемесине ылайык дайындалды.
Жаңы жетекчини жамаатка маданият министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырып, анын кесипкөйлүгү менен тажрыйбасын белгиледи. Ошондой эле Алмаз Кулматовду башкы редактордун жеке иш бөлмөсүнө киргизип, гезитти өнүктүрүүдө анын салымы чоң болооруна жана басылма салттуу баалуулуктарды сактоо менен бирге заманбап ыкмаларды колдонуп, кеңири аудиторияны тартат деген ишеним билдирди.
Белгиленгендей, "Кыргыз Туусу" гезити Кыргызстандагы маданий жана коомдук баалуулуктарды жайылтууда маанилүү роль ойнойт жана калыс, ишенимдүү маалымат булагы болуп келет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн