Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:53
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Алмаз Мамбетов: Быйыл тротуарларды курууга жана оңдоого басым жасайм

19.01.2022 16:42
877
Алмаз Мамбетов: Быйыл тротуарларды курууга жана оңдоого басым жасайм



Бүгүн, 19-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жапалак айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушуп, жергиликтүүлөрдүн маселесин укту.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Шаардын карамагындагы Жапалак айыл аймагында көйгөйлөр көп. Элдин басымдуусу дыйканчылык, мал чарбачылык менен алектенет. Жергиликтүүлөр айыл чарба техникалары, шаймандарды камсыздоодогу проблемаларды айтышты. Аны менен катар өндүрүлгөн продукцияларды, сүт азыктарын сатуу үчүн Жапалактын өзүнө базар ачып берүү демилгесин көтөрүштү. Мындан сырткары суу, газ, жол, тротуар, мектеп, бала бакча, ФАП, маршруттук каттамдар, аялдама, жолбун иттердин көбөйгөнү, полигон, түнкү жарыктандыруу маселелерин мэрге айтышты. 


Бул аймакта документи жок үйлөргө өткөн жылдын аягында Президенттин тапшырмасы менен техникалык паспорттор берилип баштаган. Ошондой эле февралдан тарта Жапалак айыл аймагын Ош-Тазалык ишканасы да тейлеп, таштандыларын алып кете турган болуп чечилди. Чогулгандар маселелер менен катар аткарылып жаткан иштерди да тизмектешти. 


Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жашоочулардын кайрылууларын уккан соң, айрым жагдайлар боюнча жетекчилерге жеринде тапшырма берди. Ага улай 2022-жылга пландалып жаткан жумуштарга токтолуп, бюджетти бекитүүдө эске алына турганын белгиледи. 


"Мен Ош шаарынын бардык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугуп жатам. Көтөрүлгөн маселелердин 80%ы окшош. Көйгөйлөрдү чечүүгө болушунча аракет кылабыз. Бирок бюджеттин жетишине да байланыштуу. Мен мурунку жылдардан айырмаланып, бул жылы тротуарларды курууга жана оңдоого басым жасайын деп турам. Буга 50 млн. сом бөлгөнү турабыз. Сиздер көтөргөн аялдама, маршруттук каттам маселелерин чечебиз. Быйыл биргелешип каржылоо долбоорлору да көбөйөт. Ушул аркылуу да бир топ маселелерди чечүүгө болот. Айыл чарба жаатында айтылгандар да жөндүү. Мен бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, сиздерге жардам берүүгө даярмын. Базар ачып берүү боюнча жакшы демилге көтөрүлдү. Биз да ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Ошондой эле Жапалакка бир бала бакча куруп бергени аракет кылалы. Дагы калган көйгөйлөрдү да кенен карап чыгып, мүмкүнчүлүккө жараша четинен чечүүнү пландайбыз", - деди мэр. 


Жолугушууда өткөн жылда Жапалак айыл аймагында аткарылган иштердин отчету да берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн