Бугу 06, 2024
Убакыт: 23:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Алмаз Мамбетов: Мурдагы шайлоолордогу ката кайталанбайт

27.10.2021 09:06
965
Алмаз Мамбетов: Мурдагы шайлоолордогу ката кайталанбайт



Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


 Жыйындын жүрүшүндө штабдын төрагасынын орун басары- Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Камчыбек Досматов, ИИМдин Ош башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, Ош шайлоо округунун төрагасы Бакыт Алматов шайлоого даярдык көрүү боюнча маалымат беришти. 


Шаар башчысы Президент Садыр Жапаров шайлоону калыс өткөрүүгө жана административдик ресурс колдонбоо боюнча каттуу талаптарды коюп, тапшырма бергенин дагы бир ирет эскертти.


"Биз мыйзам бузууга жол бербешибиз керек. Ошону менен катар мекеме-ишканалардын жетекчилерин, кызматкерлерди, айтор бардык мамлекеттик ишканаларды шайлоого аралашпай өз кызматтарын кылууга чакырам. Ошондой эле, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, кварталдык жана үй комитеттеринин кызматкерлерине контролдоо жүргүзүлсүн. Мурунку өткөн шайлоодогу катачылыктар, жеке кызыкчылыктар менен акча тапкандар боюнча баардык маалыматтар бар. Бул ирет ага жол берилбейт. Жакынкы күндөрү муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары ротациаланат",-деди А.Мамбетов.


Мындан тышкары билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин башчыларына кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.


Ош шаарында жалпысынан 78 шайлоо участкасы бар. Ош добуш берүү округунда 110 685 шайлоочу катталган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн