Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаардык мэриясынын жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 2 -августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаарынын активисттерине тааныштырылды. Кызмат ордуна дайындоо жөнүндөгү буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жаныбек Жалалов окуп берди.
Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов башка кызматка которулгандыгына байланыштуу, кызматтан кетүүгө арыз жазды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн