Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Алмаз Мамбетов Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн канча каражат керектигин айтты

24.05.2022 06:52
743
Алмаз Мамбетов Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн канча каражат керектигин айтты

23-майда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов журналисттерге жамгыр жана сел учурунда жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган долбоорлор тууралуу маалымат берди.


Анын айтымында, жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2,4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган.

“Азыркы “Плотина” суу тосмосунан диаметри 1000 миллиметр болгон суу түтүгүн тартуу пландалууда. Бул долбоор нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын учурунда таза суу берүү маселесин 75-80 пайызга чечет. Долбоор министрлер кабинети тарабынан колдоого алынып, долбоордук-сметалык документтер даярдалган. Бул иштерди аткаруу үчүн июль айында тендер жарыяланат”, — деген Мамбетов.


Аталган долбоордун баасы 3 миллион доллар, ага гранттык негизде Азия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөтөт.


Мындан сырткары, мэр сууну мембраналык тазалоо киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип жатканын айтты. Бул ылайлануу күчөгөн учурда тазалоо көрсөткүчүн жогорулатарын белгиледи.


“Бул технология азыр Бакуда активдүү колдонулуп жатат, ал жерге маселени тереңирээк изилдөө үчүн тиешелүү адистер жиберилет. Ал эми Казакстанда аз көлөмдө колдонулат. Биз пилоттук негизде киргизүүнү пландап жатабыз, эгер ал өзүн актаса, кеңири масштабда пайдаланабыз. Анда суткалык тазалоо 150 миң куб метрден кем эмес болот. Аны ишке ашырууга 10 миллион доллар керектелет”, — деди калаа мэри.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн