Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы ишканаларды санариптештирүүнү тездетүүнү тапшырды

09.08.2021 20:48
591
Алмаз Мамбетов Ош шаарындагы ишканаларды санариптештирүүнү тездетүүнү тапшырды


Бүгүн, 9 -августта Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Жолугушуунун жүрүшүндө МАБдын төрагалары өз иштери жана алар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. 


Мэрдин өзгөчө көңүлүн муниципалдык аймактык башкармалыктардын деңгээлинде жүргүзүлгөн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү, анын ичинде электрондук документ жүгүртүү системасын (ЭТББ) киргизүү, МАБдардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү жана аныктамаларды берүү маселелерине бурду. 


«Сиздер аймактардын ишенимдүү ээлери болуп саналасыздар. Учурдун талабы бул санариптешүү. Алгач сиздердин ишиңиздерге шарт түзүү зарылчылыгы турат. Кандай процесс болбосун автоматташтырылышы керек, бул мезгилдин талабы. Статистика боюнча маалыматтар болгондо, бухгалтердик эсеп болгондо башкаруу оңой болот. Бул багыт менен бардык кыйынчылыктар чечилиши мүмкүн. Санариптешүү багытына көмөмөк көрсөтүү үчүн атайын IT-адистер келген" ,- деди шаардын мэри. 


Ошондой эле Алмаз Мамбетов шаардыктар шаардык мэрия менен биргеликте ишке ашырган долбоорлорду биргелешип каржылоону колдоорун билдирип, жарандарга шарт түзүүнү эске алуу менен бул системаны андан ары өнүктүрүүнү тапшырды. 

Жыйындын жүрүшүндө кварталдык комитеттердин жана үй комитеттеринин иштөө шарттарын жакшыртуу маселелери талкууланды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн