Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:12
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Алмаз Мамбетов: Оштун бюджетин дагы 500 млн.го жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар

12.08.2021 15:22
404
Алмаз Мамбетов: Оштун бюджетин дагы 500 млн.го жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар


Бүгүн, 12-август күнү Ош шаарынын мэриясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов, коллегиялык жыйындын мүчөлөрү, шаардагы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


 Анда эки маселе күн тартибинде каралды:

1. Ош шаарынын 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү-нүн жыйынтыктары жана 2021-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата милдеттер жөнүндө;

2. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» Мыйзамынын аткарылышы 2020-2021-окуу жылындагы Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү жана жаны 2021-2022-окуу жылына карата даярдыктар жөнүндө;


Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов жергиликтүү бюджетти көбөйтүү багытына каттуу талаптарды койду. 


"Ош шаарынын бюджетин дагы 500 млн.го жогорулатууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн салык кызматы аймактык башкармалыктардын башчылары менен биргеликте көмүскө экономиканы жоюу багытында каттуу иш алып баруу зарыл. Ошондой эле, санариптешүү багытын чечип, бирдиктүү электрондук базаны иштеп чыгуу учурдун талабы. Жыл аягына чейин бул багыттагы иштерди бүтүрүүнү мэриянын тышкы байланыштар жана аналитика бөлүмүнө жана салык кызматына тапшырам",- деди А.Мамбетов.


Ошто патенттин негизинде иштеген 7440 ишкер катталган. Жалпысынан Ош шаарында 34 миң салык төлөөчү катталган, анын ичинен 13,5 миңи активдүү салык төлөп келет. Көмүскө экономиканын пайыздык көрсөткүчү 23% экендигин статистика кызматы белгиледи.


2021-жылдын январь-июнунда жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы трансфертерди жана атайын каражаттарды кошкондо) 105,8% түзүп, жеткирилген план 618,6 млн. сом болсо, иш жүзүндө 654,7 млн. сом жыйналып, пландан тышкары кошумча 36,0 млн. сом жыйналган. Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 191,2 млн. сом ашыкча жыйналып, өсүү темпи 141,2 % түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн