Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Алмаз Мамбетов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек берип, кабар алды

03.12.2021 13:54
732
Алмаз Мамбетов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белек берип, кабар алды

 


Бүгүн Ош шаарында 3-декабрь мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коргоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Мэр Алмаз Мамбетов мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоо борборуна жана көзү азиз, көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына барды.

Калаа башчы балдардын чакан концерттик программасына күбө болуп, коомдун аярлуу балдарына мэрия тараптан дайым көңүл бурулуп тураарын айтты. 


Мэр реабилитациялоо борборунун жана мектеп интернатынын абалы менен да таанышып чыкты. Мындагы балдарга көмөк иретинде бөлүнгөн 10 миң сом акчалай жардам жана балдар үчүн азык-түлүк баштыктарын тапшырды. 


Ош шаары боюнча жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 7133. Анын 983ү 18 жашка чейинки балдар. Бүгүнкү күнгө карата жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Анын 20 миңи ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, өтө оор шартта жашаган 4 жаранга берилди. Дагы 100 жаранга 1000 сомдон тапшырылды. Аны менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кам көргөн 3 мекемеге 10 миң сомдон бөлүнгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн