Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алмаз Мамбетов муниципалдык кызматкерлерди шайлоо иштерине аралашуудан алыс болууну эскертти

22.11.2021 19:02
618
Алмаз Мамбетов муниципалдык кызматкерлерди шайлоо иштерине аралашуудан алыс болууну эскертти



Ош шаарында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча шаардык штабдын кеңейтилген отуруму өттү.  Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Жыйынга мэр Алмаз Мамбетов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары катышты. 


"Отурумда алгач кыш мезгилине даярдык маселеси көтөрүлүп, жылуулук берүүдөгү көйгөйлөр айтылды. Мэр Алмаз Мамбетов жылуулук берүүнү тейлеген эки ишканага (Ош муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасы, Ош ЖЭБ) абоненттерге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүүнү тапшырды. Көмүрдүн баасын тыкыр көзөмөлгө алып, социалдык жактан жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү акысыз көмүр менен камсыздоо жагы колго алына турганын билдирди",- деп айтылат маалыматта.


Мындан сырткары, отурумда 28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдык иштери тууралуу маселе каралды. Шаар башчысы Алмаз Мамбетов муниципалдык кызматкерлер, кондоминиум, кварталдык башчылардын үгүт иштеринен оолак болуусун эскертти. Шайлоо тилкелериндеги тийиштүү шарттар боюнча мекеме жетекчилеринин маалыматын угуп, кошумча тапшырмаларды берди. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн