Исаев Марс Асанович Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды.
Бүгүн, 6 -сентябрда Ош шаарынын мэриясынын аппаратына таныштыруу болуп өттү.
Дайындоо боюнча буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.
Марс Исаев Ош шаардык кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болгон.
Буга чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри Юсупов Замир Байышович болгон.
Джунусбаев Сонунбек Калмаматович 3 айлык сыноо мөөнөтү менен Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Аны дайындоо боюнча буйрукка бүгүн, 6 -сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койгон.
Сонунбек Джунусбаев шаардагы коммуналдык чарба жана транспорт тармагын жетектейт.
Буга чейин, Ош шаарынын вице-мэрлигин Топчубаев Асылбек Аманович жетектеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн