Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:53
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Алмаз Мамбетов президентке кат жазган окуучуларга белектерди тапшырды

28.12.2021 08:49
475
Алмаз Мамбетов президентке кат жазган окуучуларга белектерди тапшырды


Ош шаарындагы мектептерде билим алган 5 окуучу өлкө башчы Садыр Жапаровдун атына жаңы жылдык белек сурап кат жазган. Алардын үчөө смартфон алууну кааласа, эки окуучу энциклопедия берүүсүн сураган. Президент өспүрүмдөрдүн каалоосун орундатып, белегин жөнөттү.  Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.



Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов окуучулар менен жолугуп, Президенттин белегин тапшырды. Ажонун атынан келген белектер менен бирге таттуу шириндиктер да берилди. Шаар башчы алардын келечекке болгон максаттарын угуп, окууларына ийгилик каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн