Бүгүн, 19-апрелде Ош шаарынын мэриясында жеке маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар тургундарын мэр Алмаз Мамбетов тиешелүү тармактардын жетекчилери менен кабыл алып, суроолорун укту.
Ар бир кайрылууга толук жооптор берилди. Бир катар маселелер боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлгөн милдеттерди жеринде чечүү тапшырмасы берилди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн