Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 03:16
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Алмазбек Атамбаев абактан бошотулду

14.02.2023 17:45
355
Алмазбек Атамбаев абактан бошотулду

Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-февралда Молдовановка айылындагы 27-абактан бошотулду.


Алмазбек Атамбаев аны күтүп турган тарапташтары жана журналисттерге ал чет өлкөгө тез арада дарыланууга барышы керектигин билдирди.


Атамбаев өзүнө операция жасатып, дарыланууга муктаж экендигин белгилеп, дарылануудан кийин Кыргызстанга кайтып келерин кошумчалады.


Эске салсак, Кыргызстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевге чыгарылган өкүмдү жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгарган. Ишти кайрадан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн