Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Алмазбек Атамбаев абактан кат жазып, казак оппозиционери Мухтар Аблязов тууралуу айтты

26.01.2022 14:30
1075
Алмазбек Атамбаев абактан кат жазып, казак оппозиционери Мухтар Аблязов тууралуу айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн абактан кат жазды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.


Атамбаев өзүнүн катында казак оппозиционери Мухтар Аблязов менен эч кандай келишим болбогонун айтты.


"Мен Мухтар Аблязов менен көрүшкөн да эмесмин, ортобузда эч кандай келишим болгон эмес. Балким, аны кайсы бир адамдар башын айланткандыр. Бирок 2016-жылдан кийин  Нурсултан Назарбаев менен бузулган.


Казакстандагы массалык митингдерди чет өлкөдөн отуруп алып башкаруу мүмкүн эмес. Кайсы мамлекетте гана болбосун митингдер элге каршы кабыл алынган чечимдердин негизинде келип чыгат.

Мен ойлойм Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да өткөндөн сабак алып реформа жасайт",- деп айтылат Атамбаевдин кайрылуу катында.


Эскерте кетсек, буга чейин чет өлкөдө жүргөн Мухтар Аблязов Атамбаев менен келишим түзүп, Кыргызстан аркылуу Алматы шаарына барууга Атамбаев шарт түзүп бермек деген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн