Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кийинки аптада башка түзөтүү абагына которула турганын анын жактоочусу Сергей Слесарев 13-апрелде журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, Атамбаев 18- же 19-апрелде которулушу мүмкүн, бирок кайсы түрмөгө экени белгисиз.
Буга чейин саясатчы Петровка айылында жайгашкан ИК-8ге которууну суранган.
Учурда Атамбаев ИК-47 абагында камакта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн