Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 21:04
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгабы?

14.01.2021 11:36
879
Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгабы?


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары аны үй камагына чыгарууну, бөгөт чарасын кайра кароону соттон өтүнүп жатканы маалымдалууда. Адвокат Замир Жоошев “Азаттыкка” билдиргендей, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 14-январда Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча ишин кароо улантылат. Сотто актоочу тарап анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч беришет экен.


Атамбаев акыркы жолу өткөн сотко ден соолугуна байланыштуу катыша алган жок. Акыркы кездери тар чөйрөдө Алмазбек Шаршеновичтин бошотулушу боюнча кептер жүрүүдө. Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да Атамбаев менен жолугарын, анын ден соолугуна карап тиешелүү чечим кабыл аларын билдирген эле. Андан көп өтпөй мурдагы президент УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган. Эми ден соолугуна байланыштуу сотко катышпай, адвокаттары анын бөгөт чарасын кароону сурап жатат. Окянын өнүгүшүнө анализ жүргүзө турган болсок, жакынкы күндөрү Атамбаев үй камагына, же ооруканага чыгышы мүмкүн. 


Канатбек Аскаров 


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Жок чыкпаса жакшы.Чыгарып койсо тек отурбай шоктоно баштайт.