Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев илдеттен сакайды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен тастыкташты.
Мурдараак айрым маалымат булактары «Социал-демократтар» партиясынын маалыматына таянып, дарыланууга кеткенин, жакын арада аны кайрадан ооруканадан УКМКнын абагына которо турганын жазып чыгышкан.
“Учурда Алмазбек Атамбаев жакшы болуп калды. Абалы канааттандыраарлык. Дарыгерлер тарабынан консилиум уюштурулду, анын жыйынтыгы менен УКМКнын абагына которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болот”, - деп жазылат УКМК басма сөз кызматынын маалыматында.
Белгилей кетсек, 29-июнда А.Атамбаевге "эки тараптуу пневмония" деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн