Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаров тыгыз байланышып турат

10.12.2020 12:32
1222
Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаров тыгыз байланышып турат

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков 7-декабрда “Саясий коктейль” программасында конституциялык реформаны колдой тургандыгын билдирди.


Конституциялык реформаны мен жеке колдойм. Парламенттик десе парламенттик системага өтөлү, президенттик десе президенттик системага өтөлү. Мага баары бир.  Бирок мен парламенттикти көбүрөөк колдойм. Бирок, Кыргызстанда классикалык формада парламенттик же президенттик башкаруу болгон эмес. Бизде башаламандык эле болгон”, – деди Темирлан Султанбеков.


Программанын алып баруучусу Султанбековдон “Жапаровго мурдагы президенттин электораты керек болуп жатабы, алдыдагы шайлоодо Жапаров менен Атамбаев биригеби? деген суроо узатты.


Мен аны билбейм. Алмазбек Шаршенович кандай ойлойт, кандай чечим кабыл аларын билбейм. Бирок баары мүмкүн. Менин билишимче, Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаров менен башка Жапаровдор менен тыгыз байланышта. Алар Атамбаев экс-президент болгондон кийин бир эмес, бир нече жолу сүйлөшкөн. Менин маалыматым боюнча, Садыр Жапаров Атамбаев менен түрмөдө отурганда кезде деле байланышып турчу. Демек, мындай болушу мүмкүн», – деп жооп берди ал.


Белгилей кетсек, буга чейин Султанбеков Садыр Жапаровдун өкмөтүндө иштөөдөн баш тарткан.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
райымбек
Булар такай байланышып туршкан Булардын максаты Жээнбекоду кетириш керек болгон