Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 13:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Алмазбек Атамбаев ооруканага түштү

30.06.2020 09:52
1225
Алмазбек Атамбаев ооруканага түштү


29-июнда Алмазбек Атамбаевден коронавируска карата ПЦР-анализ алынып, анын жыйынтыгында андан коронавирус аныкталган эмес. Ошол эле күнү дарыгерлердин консилиуму болуп, анын жыйынтыгында А.Атамбаевге "эки тараптуу пневмония" деген диагноз коюшкан. Анда А.Атамбаевди ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынган. 


УКМКдан маалымдашкандай, акыркы жумада А.Атамбаев бир нече жолу жактоочулары жана жакындары менен жолуккан. Алар ага кагаз жана буюмдарды өткөрүп беришкен. 


Расмий маалыматка караганда, анын жактоочусу  Замир Жоошев коронавирус аныкталып, Ысык-Ата райондук ооруканасында дарыланып жаткан жакын бир тууганы менен контакта болгону аныкталган. 


УКМКнын СИЗОсу штаттык режимде иштеп жатат. Мунун менен республикалык штабдын талаптарын аткарууда. Буга чейин УКМКнын СИЗОсунда иштеген баардык кызматкерлер текшерүүдөн өтүшкөн. Алардын арасынан коронавирус инфекциясы аныкталган мес. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн